«Коопсуз шаар». Дагы 266 тилкеге камера орнотуу пландалып жатат

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айып пулду азайтуу боюнча маалымат угулуп жатат. Жыйында депутат Жылдыз Мусабекова санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевге «Бул долбоордун алкагында дагы камералар орнотулабы?» деген суроо узатты.

«2-долбоордун этабы бар. Ошонун алкагында 266 тилкеге камера орнотуу пландалууда. Негизинен бул ИИМ жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте талдоо жүргүзүлүп, белгиленген тилкелер дайындалган», — деди Догоев.