«Коопсуз шаар» долбоору бизнеспи? Министрдин жообу

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевге «Коопсуз шаар» долбоору боюнча суроо салды. Депутат дайыма бул суроосу жоопсуз калып жатканына нааразы болду.

Депутат: «Коопсуз шаар» долбоору бизнеспи?

Министр: Жок, бул бизнес эмес. Бул өкмөт тарабынан бекитилген «Акылдуу шаар» долбоорунун экинчи этабы. 

Депутат: Бизнес болбосо, шарттарды түзүп бериш керек да. Мында ар бириңердин «доляңар» бар. Кайра айтыңызчы ошолорду.

Министр: УКМКга 5 пайыз, ИИМдин алкагындагы жол коопсуздугу боюнча башкармалыгына 15 пайыз, өз алдынча бийлик 25 пайыз, транспорт министрлигине 5 пайыз. 

Депутат: Мына 50 пайызга жакыны. Кызыкчылыгыңар бар турбайбы.