Коопсуздук кеңеши кийинки жумада мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгын карайт

Коопсуздук кеңеши кийинки жумада коронавирус пандемиясы учурундагы мамлекеттик органдардын ишин изилдеген мекемелер аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгын карайт. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Айдай Турсунбекова билдирди.

Алардын айтымында, дарыгерлерди жоопко тартуу жана жазалоо алардын милдетине кирген эмес.

«Биз комиссия катары кылмыш ишин козгогон жокпуз жана ага аракет кылган жокпуз. Кандай болгонун жана эмне кылуу керектигин айттык», — дешти алар.