Коопсуздук кеңеши: Кырдаал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирет: 2-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда бир катар маселелер чечилүүдө.

«Ош-Исфана авто жолу боюнча автоунаалардын кыймылы жанданды, Тажикстандын аймагында болгон Кыргыз жарандары Кыргызстандын аймагына жеткирилди, тараптардын күчтөрү менен каражаттарын туруктуу жайгашкан жайларына алып чыгып кетиши үчүн алар турган жерлерди биргелешип кароо иштери башталды, Баткен облусуна гуманитардык жана медициналык жардам көрсөтүү жана жаңжалдан кийинки мезгилде калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жаңжалды андан ары күчөтүүгө жол берилбестигин жана аны тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн билдирет, ошондой эле ок атышууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү жөнүндө буга чейин жетишилген келишимдерди сактоо зарылдыгын баса белгилейт.

Кырдаал өлкө президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө», — деп жазылат маалыматта.