Иманкулов Марат Муканович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппаратан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Марат Иманкулов 1960-жылы Чүй облусунунун Онбир-Жылга айылында туулган. Улуттук коопсуздук органдарынын генерал-майору.
Билими:
1982-жылы Москва полиграфиялык институтту аяктаган.
2001-2002 — Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу боюнча дирекциясынын башчысы;
2002-2005 — Жалал-Абад облусу боюнча Улуттук коопсуздук дирекциясынын башчысы;
2005-2007 — Улуттук коопсуздук кызматынын Антитеррордук дирекциясынын башчысы.
2007-жылы — КМШ өлкөлөрүнүн Антитеррордук борборунун башчысынын орун басары болуп иштеген.
2010-жылы — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп иштеген.
2011-жылы — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, андан кийин президенттикке талапкерлигин койгон.
2021-жылы — Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.