Коопсуздук кеңешинин катчысы Тажикстанда өткөн жыйынга катышты. Эмнелер айтылды?

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 23-июнда Душанбе шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 16-жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Иш-чарага Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздук жана туруктуулук кырдаалы, ШКУга мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге, баңги заттарынын жана курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, транс чек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатында пикир алмашуу болгон. Жолугушуу салтка айланган достук жана конструктивдүү маанайда өтүп, ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери каралган.

«Соңунда жыйынтык протоколуна кол коюлуп, маалыматтык билдирүү кабыл алынды. Ошондой эле, аталган иш-чаранын алкагында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү», — деп айтылат маалыматта.