Көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповду өкмөт башчылыкка талапкерлигин бир добуштан колдоду

Премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Улукбек Мариповдун талапкерлигин бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы карады. Ал учурда Эсептөө палатасынын төрагасы. Жакында анын 5 жылдык мөөнөтү аягына чыгат.

Суроо-жооптун жыйынтыгы менен анын талапкерлигине каршы чыккандар болгон жок жана бир добуштан колдоп беришти. Эми өкмөт башчы жана өкмөттүн курамы парламенттин кароосунан өтөт.