«Кордосоңор да, сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп ырайым сурап арыз жазбайм». Атамбаев Жапаровго жооп кайтарды

«Кордосоңор да, сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп ырайым сурап арыз жазбайм». Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровго жооп кайтарды.

«Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнүндө «Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Мен соттон качкан эмесмин» деп жазыптыр.

Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним. Иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле. «Атамбаев самолет менен тонналап алтын алып кеткен. Атамбаев кыйнап, абактан кекиртегимди кестим. Атамбаев тынч митингге октябрда кол салды. Атамбаев өзүн өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды» жана башка ушул сыяктуу далай сөз айттың. Баарына чыдап отургам. Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат деп. Эми бирок президент болдуң, мындан ары да калп айта берсең, уят болот!

Эсимде бар, 2018-жылы мага Форумга сенин абаң Сабыр келип, сенин ишиң жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда-чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досуң да алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда иниңди колдоп берейин, абактан чыгаралы деп макул болгом. Ошондо Сабыр «уруксат бериңиз, сизди биз митингдерде шыбайлык, Сокеге жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралык» деп суранган. Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм, Садырды колдойлу, эптеп Сокени кетирели деп. Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да бийликке жаңы эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат деген үмүтүм бар болчу. Бирок ал үмүт күндөн күнгө өчүп баратат.

Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын самолет келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып, «мен качып кетсем болбойт, уят болот» деп, кордук көрүп, камалаарымды билсем да кайра учуп келгем Кыргызстанга. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулгандуу окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарыңды таштап качып кеткенсиң чет элге. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип соттолуп кеттиң. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок мен ага чейин эле кызматты жаңы президентке өткөрүп кеткем.

Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун көрдүм! Анда ошо кездеги сени соттогон прокурор, тергөөчү, сотторду бийлик өз колунда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен райсот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоң! Ошондон баштабайсыңбы туура эмес кесилген болсоң?

Мен соттон качкан жокмун. Мен ден соолугума байланыштуу отурумду мен жокто эле өткөргүлө деп ар бир жолу арыз жазып берип жатам сотко. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши шаардык сотто жана Жогорку Сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Соке кезинде да, сенин кезиңде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да. Мен сурак же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого жооп буга чейин бере элекмин жана да бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесең. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдиң. Менин жашымда бул деген өмүр бою эркинен ажыратылууга барабар. 

Садыр иним! Кыргызда «уялбагандан өзүң уял» деген сөз бар. Сен уялбасаң, мен уялып жатам акыркы сенин жоруктарыңа. Мени карда жылаңайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган бир топ плацтагы адамдар уялып, жер карашып жүрөт азырга чейин. 

Мени кандай кордосоңор да, баары бир сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды күнөөсүн мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тең чындыкка дал келбейт. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коет акыркы сапарга…

Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык жана башка көйгөйлөр толтура. Мөөнөтүң көралбастык, өч алуу, майда-чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдыңда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек», — деп жазылат мурдагы президенттин билдирүүсүндө.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин» деп соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялаган болчу.