Бекболотов Бактыбек Асанкалиевич Кыргыз Республикасынын коргоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бактыбек Бекболотов 2008-2009-жылдары Улуттук гвардиянын командачысынын биринчи орун басары болгон. Ачык булактарда ал тууралуу башка маалымат жок.