«Коркпойбуз» деген Убактылуу өкмөттүн шкафында катылган «скелеттер» барбы?

Бүгүн, 7-апрель, бакиевдик кандуу режим кулатылганына туура 11 жылдын жүзү толду.

Бул күндү учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров: «2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын калкы бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды»,- деп белгиледи. Өлкө президенти куттуктоо сөзүндө бул күндүн эң башкы натыйжасы «мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы» болгонун баса белгиледи. Коомчулук президент Жапаровдун бул күнгө, бул датага карата өлкө башчысы катары мамилеси кандай болорун жардана күтүп, карап турган. Андыктан, президенттин жогорудагы сөздөрү коомчулук үчүн маанилүү болду. Ошондой эле өлкө башчысы Апрель курмандыктарын эскерүүгө эки экс-президент Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековдун коштоосунда барды. Бул экөө экс-президент деген статуста дагы канча жүрөрү белгисиз. Жарандык коом тарабынан экөөнү аталган статустан ажыратуу үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Демилгечилердин айтымында, апрелдин башына карата топтолгон колдордун саны 40 миңден ашты. Бул эми башка маселе…

Бүгүн эл Садыр Жапаровдун кайрылуусун өзгөчө ынтаа менен күткөндөй эле Апрель революциясынын авторлору, анын шарданы менен бийликке келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн кандай ишарат болот деп күтүшкөн. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бул күтүүнү акташкан жок. 2010-жылдагы Июнь окуялары кайра иликтенсин деп президент УКМКга тапшырма бергенде алар коңулдарга кире качышкан өңдүү. Бүгүн аталган өкмөттө мүчө болгон экс-премьер Темир Сариев «таң атпай жакындарым менен барып, Ата-Бейитте куран түшүрүп келдим» деп кутулса, дагы бир тобу оозго талкан салгандай үн катпай кутулушту. Убактылуу өкмөттө төрайымдын орун басары болгон саясатчы Өмүрбек Текебаев: «Биз учурдагы бийликке моралдык, саясий, идеологиялык жактан альтернативабыз»,- деп жарыялоо менен чектелди. Өз сөзүндө ал Апрель революциясы өз мүдөөсүнө жарым-жартылай гана жеткенин моюндады. Башкы «ата мекенчинин» бул жолку кайрылуусунда адатта бул саясатчыга мүнөздүү болгон шардык, тайманбастык байкалбады.

Ошентип, «коркпойбуз» деп жаткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бүгүнкү күндөгү жымжырттыгы менен иликтөөлөр башталса шкафтарынан далай «скелеттер» чыгышы мүмкүн экендигин, дале ынтымакка келишпегенин, чочулоого негиздери бардыгын көрсөтүштү.