Коронавирус боюнча жумушчу комиссиянын корутундусу Коопсуздук кеңешинде каралат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артём Новиков ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын иши тууралуу маалыматты укту. Анын жүрүшүндө мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавируска каршы туруу, финансылык, гранттык жана гуманитардык жардамды рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча ишмердүүлүгү текшерилген. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-январда өкмөттүн басма сөз кызматынан таратышты.

Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан коронавирустан каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар, аталган илдеттен дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы, ошондой эле гуманитардык жардамды эсепке алуунун жана бөлүштүрүүнүн натыйжасыздыгы көрсөтүлгөн. Атап айтканда, илдетти  дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 1 айдан ашуун мезгилден соң кабыл алынган. Ал протокол 2020-жылдын 15-майында киргизилип, фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизимин 2020-жылдын 1-июлунда гана ала алган. Натыйжада, фармакологиялык компаниялар тараптан коронавирустан дарылоо үчүн маанилүү дары-дармектер кечигүү менен алып келинип, ал дары-дармектердин тартыштыгына жана баанын өсүшүнө алып келген.

Комиссия мүчөлөрү тараптан келип түшкөн медициналык гуманитардык көмөктү кабыл алуу жана аны эсепке алуунун так жана ачык-айкын тутумунун жоктугу тууралуу жыйынтык чыгарылган. Көрсөтүлгөн жардам жана ооруканаларга берилген гуманитардык жардам тууралуу маалыматтар ортосунда айырмаланган фактылар аныкталган.

Экинчи дарылоо протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколунун кабыл алынышына байланыштуу пайдаланылбай калган. Буга байланыштуу  Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампаларында аталган дары-дармектердин чоң көлөмү табылган.

Мамлекеттик органдар комиссияга «Семетей» госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө жана профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчет берген эмес.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактыларды, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын башка корутундуларын тыкыр талкуулоо жана коомдук чагылдыруу үчүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды.

Комиссиянын курамына медициналык кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана көз карандысыз эксперттер кирген.