Коронавирус. Депутат: «Адамдардын өлүмүнө Министрлер кабинети күнөөлүү»

Миллиарддан ашуун калкы бар Индия айына 72 миллион адамды эмдөөдөн өткөрүп жатыптыр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

«Булар уктап отурду да. Азыр адамдардын өлүмүнө Министрлер кабинети күнөөлүү да. Булардын бул жерде отурганга акысы жок, кечирим сурап, ыйлап кетип калыш керек. Айланайын эл, убагында уктап отуруп, вакцина ала албадык деп. Кытай берген вакцинаны бир айдан бери алып келе албай жатышат да. Бул уят да. Кантип булар эл эсебинен акча алып, үйүнө нан алып барып атышат», — деди ал.