Коронавирус. Республикалык ыкчам штабдын төрагалык милдети Жылдыз Бакашовага жүктөлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Улукбек Марипов маалымдагандай, өлкө аймагындагы коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын төрагасынын милдети Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага жүктөлөт. Министрлер кабинетинин тийиштүү чечиминин долбоорун даярдоо тапшырылды.

Кеңешменин алкагында саламаттыкты сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттары жана зарыл жабдуулар менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Министрлер кабинетинин башчысы калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо темпин күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Марипов тармактык мамлекеттик органдардын республикага коронавирус инфекциясынан вакциналарды мындан ары карай жеткирүү боюнча маселелерди сапаттуу жана ыкчам иштеп чыгууну улантуусу маанилүү экендигин белгиледи жана бул багытта тийиштүү тапшырмаларды берди.