Коронавирус. Министр Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарына эскертүү берилди

Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышын ооздуктоо жана саламаттыкты сактоо тутумунун оорулардын көбөйүшүнө даярдыгы жөнүндө маселелер каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигин калкты коронавирус инфекциясына каршы вакцина менен камсыздоо боюнча иши канааттандырарлык эмес деп сындады.

«Оорунун көрсөткүчү күн сайын өсүүдө, күн сайын адам өлүмү катталып жатат. Көз карандысыз эпидемиологиялык эксперттер өткөн жылга салыштырмалуу начар көрүнүштү божомолдоп жатышат. Министрлик республиканы вакцина менен камсыз кылуу боюнча канааттандырарлык эмес иштерди жүргүзгөн. Вакцинаны сатып алууга бюджеттен 815 миллион сом бөлүнгөн, бирок келишимдер кечигип түзүлгөн, логистика маселелери көптөн бери чечилип жатат. Бизде вакцинациянын пайызы өтө төмөн, тобокелдикке кабылган 2 миллиондон ашык жаран эмдөөдөн өтүшү керек эле», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүү берилди.

Улукбек Марипов ошондой эле министрликтин алдындагы дары-дармек менен камсыздоо департаментинин ишмердүүлүгүн дарылардын бааларына көзөмөл жоктугу үчүн сынга алды. Цефепим дарысы Бишкекте 121 сом болсо, Таласта анын баасы 953 сом экендиги айтылды.

Ал Энергетика жана өнөр жай министрлигине эки күндүн ичинде суюк кычкылтек өндүрүүчү эки заводду куруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

«Ооруканалар коңшу мамлекеттерден сатып алынган суюк кычкылтек менен белгилүү бир кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө. Республиканын түндүк жана түштүк бөлүктөрүндө эки станция куруу керек. Мындан тышкары, Экономика жана финансы министрлиги саламаттыкты сактоо уюмдарынын карыздарын төлөө маселелерин иштеп чыгышы керек”, — деди Марипов.