Коронавируска каршы вакцинанын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү эмки айда бүтөт

Бир айдын ичинде COVID-19 вакцинасынын 1,5 миллион дозасынын мөөнөтү бүтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.

Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева тастыктады. Анын айтымында, учурда өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын 2 миллион 503 миң 376 дозасы бар.

«Алардын ичинен 1,5 миллион дозанын мөөнөтү июль айында бүтөт. Вакцинанын калган партияларынын мөөнөтү декабрда бүтөт. Азыр биз күн сайын 500дөн 1000ге чейин адамды эмдеп жатабыз. Көптөгөн вакциналар гуманитардык жардам аркылуу кыска мөөнөтү менен келген», — деди Нурийла Шериева.