«Коррупционердин үйүнө кирсең, ичи музей». Камчыбек Ташиев УКМКнын Оштогу башкармалыгын сынга алды

Коррупция менен аёосуз күрөштү жүргүзүшүбүз керек. Ош облусунда коррупцияга каршы күрөшүү көрсөткүчү начар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземинде билдирди.

«Мен бир дагы Эркечтамдан коррупционерди кармаганыңарды же мыйзам бузууну аныктаганыңар боюнча маалымат ала элекмин. Эң негизги коррупциялык элементтерди түзгөн ушул өткөрүү бекеттерибиз. Ош-Эркечтам, Нарын-Торугарт. Бул жерде «Достук». Эгерде ким мыйзам бузса, алардын жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө кароого милдеттүүбүз. Коррупциялык элементтер чыктыбы, ким болсо да камалат. Азыр жыргап жашап жаткан адамдардын 90 пайызы өз эмгеги менен тапкандар эмес. Коррупционердин үйүнө кирсең, үйүнүн ичи музей. Ош облусу боюнча иштерди күчөтүү керек», — деди ал.