Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарында президентке карашту Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Талкуунун жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
— Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу;
— Жумушчу топту түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;
— Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.