Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:
- Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору — Айтен Рустамова;
- Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси — Габриэла Геллил;
- Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси — Оливье Бангертер;
- АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин «Укук булагы» долбоорунун директору — Фред Хьюстон.
Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилди:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы – Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич;
- санариптик өнүктүрүү министри – Догоев Дастан Давлетович;
- энергетика министри – Бекмурзаев Доскул Джумагулович;
- айыл чарба министри – Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович;
- Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы – Новиков Артем Эдуардович;
- Евразия өнүктүрүү банкынын директору – Акматов Нурлан Орозбаевич.