Коррупциялык иштерди ачык айтып, иштен бошотулган Анара Мамбеталиева 3 жылдан кийин кызматка дайындалды

Анара Мамбеталиева Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

“Бүгүнкү күндөн тарта кызматым Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинде уланат. Тагыраак айтканда, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан которулуу жолу менен басма сөз кызматынын жетекчиси болуп дайындалдым. Ошондой эле, жыл башында кезектеги подполковник наамы жана мамлекеттик 2-даражадагы кеңешчи чинин да алганымды кошумчалай кетейин”, — деди ал.

Анара Мамбеталиева 2018-жылы Мамэкотехиспекциянын басма сөз катчысы болуп турган кезде паракорчулукка каршы күрөшөм деп кызматынан ажыраган. Анын ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотулганы коомчулукта чоң талкуу жараткан эле.