Көрүүчүлөрдүн тилегин таш капты. Жапаров экинчи дебатка да келбейм деди

Бүгүн, 6-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусундагы телетаймаштын экинчи туру башталат. Ага Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Курсан Асанов, Эльдар Абакиров, Аймен Касенов келмек. График жарыялангандан тарта коомчулук дал ушул бүгүнкү дебатты айрым фавориттерден улам чыдамсыздык менен күтүп жатышкан.

Талапкерлердин бири Канатбек Исаев бүгүн социалдык тармактагы баракчасына “1-турга келбей койгондор элден жашырган көмүскө сыры болбосо, анда келиши керек. Дебат талапкердин чыныгы жүзүн, ниетин, билимин, саясий дараметин ачык көрсөтчү эрөөл. Кыргыздын жигити качан эрөөлдөн каччу эле!” деп жазган.

Буга чейин дебатка катышпай койгон талапкер Садыр Жапаров телетаймашты “бул ушак дебат” деп атап, берүүгө бүгүн да келбей турганын билдирди. Буга чейин ал “Саясий коктейль” берүүсүнө берген маегинде “Мен табиятымдан бирөө менен акыйнек айтышып, ушак териштиргенди жек көрөм. Дебатка барып алар менен акыйнек айтышып, ушак териштиргенче эл менен жолугушуп, айылдарда, райондордо эмне маселелер, көйгөйлөр бар экенин угуп, маалымат чогултуп алганым мага 10 эсе пайдалуу” деген эле.