Кош жарандыгы бар Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдү» сырттан башкаруучу болуп дайындалышы мүмкүн

Канаданын жана Кыргыз жараны Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу болуп дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө үчүн Тенгиз Бөлтүрүк «Centerra Gold» компаниясынын директорлор кеңешинен кетти. «Биз тышкы башкаруучуга эки адамды даярдап жатабыз. Эгер сиздер бүгүн колдосоңуздар, анда аларды бүгүн дайындамакпыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Буга чейин парламентте Тенгиз Бөлтүрүктүн жарандыгы боюнча суроо жаралган. Анын айтымында, ал кош жарандуулукка ээ — Кыргызстандын жана Канаданын паспорттору бар.