«Көз айнексиз карасам тумандап же чагылышат». Садыр Жапаров эмне үчүн Бакуга көз айнекчен барганын айтты

Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Бакуга болгон расмий сапарында эмне үчүн көз айнек тагынып жүргөнүн айтты.

Журналисттин «Акыркы убакытта, анын ичинде Бакуга болгон расмий сапарыңызда көз айнек тагып жүрдүңүз. Себеби эмнеде?» деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

«Бир жарым жылдан бери күнү-түнү тынбай кагаз, компьютер карай берип көрүүм бузулду. Компьютерди көз айнексиз карасам тумандап же компьютердин бети чагылышып турат. Көз айнек менен карасам, компьютердин бети чагылышпай даана көрүнөт. Ошол үчүн көз айнек тагынам», — деди президент.