Жекшемби, 25.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деп жатып алсам болот эле». Садыр Жапаров жарыктын өчүп жатканы боюнча үн катты

09:09 07.03.2024
0
«Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деп жатып алсам болот эле». Садыр Жапаров жарыктын өчүп жатканы боюнча үн катты

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, энергетика тармагында болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө эл-журтка толук маалымат берип, түшүндүрдү.

«Токтогул» ГЭСинин биринчи агрегаты 1975-жылы ишке берилген экен. Башкача айтканда, дээрлик 50 жылдан бери иштеп келет. Бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Демек, жараксыз абалга кептелген десек болот. Негизги иштөө мөөнөтүнүн кепилдиги 30 жылды түзөт. Ал эми биз 50 жылдан бери тынымсыз жана үзгүлтүксүз колдонуп келе жатабыз. Ошондуктан «Токтогул» ГЭСинин 1-гидроагрегатын 5-марттан тарта реконструкциялоо үчүн токтоттук. Кышка чейин оңдоодон өткөрүп алсак, 60 МВт кошулат. Ал эми 2-4-гидроагрегаттарын 2022-2023-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүп алганбыз. 3-агрегатын эмдиги жылы капиталдык оңдоодон өткөрөбүз. Ошону менен «Токтогул» ГЭСи дагы 40-50 жыл Кыргызстан элине былк этпей кызмат кылып берет. Капиталдык оңдоолордун пайдасынан 240 МВт кошумча электр энергиясы кошулат.

Мындан сырткары, «Үч-Коргон» ГЭСи дагы 1962-жылы ишке киргизилгенден бери бир да жолу оңдолгон эмес. ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жыл болсо, анын мөөнөтү 1992-жылы эле аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, дээрлик жараксыз абалга келиптир.  Ушуга байланыштуу «Үч-Коргон» ГЭСин модернизациялоо дагы өтө маанилүү. 5-марттан баштап «Үч-Коргон» ГЭСинин 4-гидроагрегатын реконструкциялоо үчүн токтотуп жатабыз.

Ушул иштерге байланыштуу электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азаят. Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт саат электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул өлкө керектөөчүлөрүнө электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат.

Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалдарда аны колдонууга чектөөлөр киргизилет. Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек. Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, алдын ала социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге убактылары жөнүндө маалымат берилет.

Биз баарыбыз бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек. 30 жылда бир дагы кошумча ГЭС курулган эмес.
Элдин саны эки эсеге жакын өстү. Жыл сайын энергетикалык керектөөлөр өсүп жатат. Үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык, инфратүзүмдүк объектилер салынууда. Анын баарына эле ар кыл деңгээлде кошумча электр кубаттуулугу керек да. Мындан сырткары, кышкысын 3 миллиард кВт-саат электроэнергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Суунун башында туруп, электроэнергиясын импорттогонубуз өтө уят. Муну биз 30 жыл алдын ала эле ойлонуп, намысыбызга келишибиз керек эле. Эң жок дегенде, жылына 50 МВттык ГЭСтерди куруп келгенибизде, бүгүн мындай көйгөй жаралбайт эле.

Азыр мен деле эптеп президенттик убактымды өткөрүп, «көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деп жатып алсам болот эле. Бирок абийирим жол бербеди. Элге жаман көрүнсөм мейли, бирок баарын иретке келтирип кетейин деп бел байладым. Азыр эми эки жылдан бери 50дөн ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз. Он чактысын ишке киргиздик. Калганын 2025-2026-жылдары ишке беребиз. Жакында, ушул айдын аягында, «Бала-Саруу» ГЭСин ишке киргизебиз. Кубаттуулугу 25 МВтты түзөт. Бул Талас облусун жайды-жайлай электр энергиясы менен камсыз кылат деген сөз», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү