Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборуна жетекчи дайындалды

Эрнест Дыйканбаев ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Эрнест Дыйканбаев 1978-жылдын 27-январында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Арык айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1995-2000-жылдары Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу адистигине ээ болгон. 2009-2011-жылдары Орусиянын Жарандык коргонуу академиясынын угуучусу болгон.