Курултайда Баткенден келген делегат президенттен туу боюнча позициясын сурады

Баткенден Курултайга келген делегат Жумабек Абдипатта уулу өлкө башчысына туу боюнча позициясын билдирүүнү өтүндү.

Ал Садыр Жапаровго кайрылып: «Резонанс жараткан өлкө желегин өзгөртүү боюнча өзүңүздүн жеке пикириңизди жана позицияңызды билдирүүңүздү суранабыз», — деди. 

Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун буга чейин биринчи окууда кабыл алган.