КСДП фракциясынын лидерлиги Иса Өмүркуловдун Өмүрбек Бакировго өттү

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жана көпчүлүк коалициясынын лидери алмашты. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов чет өлкөгө узак убакытка дарылануу үчүн кетип жатканына байланыштуу фракция лидерлигин убактылуу депутат Өмүрбек Бакировго, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын лидерлигин убактылуу “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловаго өткөрүп бергени тууралуу КСДП фракциясынын депутаттарына кат жолдоду.

Өмүрбек Бакиров 43 жашта. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты.