КТРК дебаттын видеосу эмне себептен өчүрүлгөнүн түшүндүрдү

Кечээ, 30-декабрда КТРКда президенттикке талапкерлердин биринчи турунун акыркы дебаты өтүп, анын видеосу телеканалдын Ютуб каналынан өчүрүлгөнү катуу сындалууда. Телетаймашка Абдил Сегизбаев, Бабыржан Тольбаев, Жеңишбек Байгуттиев, Курсан Асанов, Равшан Жээнбеков жана Улукбек Кочкоров катышкан.

КТРКнын жетекчилиги болсо, жогорудагы окуяга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгонун маалым кылышты. Ошондой эле коомчулукка тийиштүү маалымат даярдалып жатканын билдиришкен.
Дебаттын видеосунун өчүрүлүшүнө байланыштуу маселени БШКнын  координациялык тобу карамак болду.