КТРКнын мурдагы жетекчиси Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, аны жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.
Алиев 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын 15-октябрына чейин КТРКнын башкы директору болуп иштеген.
2021-жылдын май айынан бери социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев болчу. 9-октябрда анын Социалдык фонддун төрагалыгынан кеткени белгилүү болгон.