Кубанычбек Конгантиев 41 депутаттын макулдугу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Экөө каршы, экөө калыс добушун берди.
Көпчүлүк коалиция бул кызматка жалгыз талапкер катары «Ата-Журт Кыргызстандан» Конгантиевди көрсөткөн.
Конгантиев 1980-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 26 жана 27-чакырылыштын депутаты болгон. Ал дзюдо боюнча Борбор Азия аймагынын директору, Азия дзюдо союзунун спорт комиссиясынын туруктуу мүчөсү жана Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти.