Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды.

Тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.

Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Израилдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын ээлеген. Уюмдун Башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат.