Кубатбек Боронов Финполго суракка чакырылды

Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды.

Маалым болгондой, ал коронавирус пандемиясына болгон даярдыктар жөнүндөгү иш боюнча сурак берет.

Кубатбек Боронов Финансы полициясына эртең, 12-январда саат 11ге баруусу керек.