«Кучак толо роза менен тосуп». Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен коңшу өлкөгө иш сапары менен барды.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн ар кайсы аймактарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышууну пландаштырууда. Мындан тышкары Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган. Акылбек Жапаров Жиззак районундагы Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен да жолугушууну көздөп жатат.