«Кудай бизге жардам берип жатат». Энергетика министри жылуу кыш тууралуу оюн билдирди

Энергетика министрлиги ушул жылдын март айынан баштап калк жайгашкан пункттардагы кампаларга көмүрдү ташууну баштайт. Бул тууралуу аталган министрликтин башчысы Доскул Бекмурзаев Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында билдирди.

«Кыргызстан көмүр импортунан баш тартканы жатат. Ал үчүн отун базаларын ачуу үчүн жер бөлүп бергиле деп мэр жана губернаторлорго кайрылдык. Өткөн жылы Howo үлгүсүндөгү 10 унаа сатып алганбыз, мартка чейин дагы 50 унаа келет. Азыр 90 пайызга дейре көмүрдү өзүбүздөн камсыз кылуу максатында дагы жүк ташуучу менен экскаваторлорго буюртма берип жатабыз», — деди министр.

Ал ошондой эле жылуу кыштан улам энергетикалык тармакка күч көп келбей жатканын билдирди. «Кудай бизге жардам берип жатат. Андан тышкары электр энергияны колдонууну тартипке келтирдик», — деди Бекмурзаев.