«Кудай буюрса, аягына чыгарабыз». Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушуна президент старт берди

«Бүгүн темир жол долбоорунун Балыкчы-Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз», — деди президент Садыр Жапаров. Ал бүгүн, 31-мартта Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.
Мамлекет башчысы темир жолду төшөө бара-бара андан ары уланып, Макмал аркылуу Жалал-Абадга жетип, өлкөнүн түндүк-түштүк бөлүгүн бириктириши керек экенин белгилеп, ошондо гана бул жол Кыргызстанга толук кандуу иштеп, пайда берип турган жол болорун кошумчалады.
«Иштин башталышы анын жарымынын бүтүшүнө тете» дегендей, аталган темир жол долбоорунун Балыкчы-Кочкор тилкесинин курулушун баштадык. Кудай буюрса, баштаган ишти аягына чыгарабыз. Себеби бул элдин талабы, өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн маанилүү өбөлгөлөрдүн бири болуп эсептелет», — деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.