Кулов Жапаровго “Инаугурацияга башка президенттикке талапкерлерди да чакыр” деди

Мурдагы өкмөт башчы, экс-депутат Феликс Кулов президенттик шайлоодо утуп чыккан Садыр Жапаровго багыттаган кеп-кеңештерин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү бириктирүүгө даяр экенин билдирди. Эми анын сөзүнө турушун күтөбүз. Ал президенттик кызматка киришкенге дейре төмөндөгүдөй конкреттүү кадамдарга бара алмак:
— Президенттик талапкерлерге жана анын жакындарына карата ойдон токулуп ачылган кылмыш иштерин токтотуу;
— Президенттикке талапкерлерди, саясий оппоненттерди сүйлөшүүгө чакырып, конституциялык реформа боюнча саясий ымалага келүү жана кризиске каршы программаны иштеп чыгууну талкуулоо;
— Президенттикке талапкерлерди инауграцияга катышууга чакыруу;
— Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалын эске алуу менен анын бөгөт чарасын өзгөртүү чечимин кабыл алуу”,
— деп жазылат Куловдун билдирүүсүндө.

Экс-депутаттын айтымында, ушул жана башка көрүлгөн чаралар эл менен эл аралык коомчулук үчүн саясий кырдаал турукташып жатканынын белгиси болмок.