Кумшекер менен өсүмдүк майын алып кирүүдө кошумча нарк салыгынан бошотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 14 маселе каралды. Тактап айтканда, салык карыздарын өндүрүү тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилди.

Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген.