Кумшекер менен өсүмдүк майына болгон бааларга мамлекет убактылуу көз салат

Социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында товарлардын айрым түрлөрүнө карай бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Максималдуу үстөктү белгилөө менен төмөнкү товарларга 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди:
1) өсүмдүк күн карама майы;
2) кумшекер.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды. Экономика жана финансы министрлигине кабыл алынган чечим тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.