“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, тоо-кен тармагы боюнча адистер менен эксперттер, “Кумтөр” кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын иликтөө иштери аяктап калганын, комиссиянын алдын ала текшерүү жыйынтыгы менен Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору иштелип чыкканын билдирди. Мамлекеттик комиссия буга чейин эксперттик топ менен бирге «Кумтөр» алтын кени боюнча буга чейинки түзүлгөн комиссиялардын тыянактарын иликтеп, эки тараптуу келишимдерди, алардын каржы-экономикалык оӊ жана терс жактарын, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын талдап чыккан. Алар «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келген.

Акылбек Жапаровдун айтымында, өткөн мезгил аралыгында кыргыз тараптын макулдугусуз эле Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү 33,3 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Кезинде кен иштеткен компанияга салынган 6 миллиард сомдон ашуун санкция өндүрүлбөй калган. Жергиликтүү өнүмдөрдү сатып алуу да бардык сатып алуулардын 25 пайызын гана түзөт. Мисалы, ал Монголияда 85 пайыздан ашат. Текшерүү жүрүшүндө «Центерра Голд» компаниясы кыргыз тараптын өкүлдөрүн сатып алып, эптеп эле акча өөнөп алуунун амалына өткөнү ачыкталды. «Кумтөр» компаниясы бузулду делген техникаларды Канадага алып барып оӊдотуп келет. Алтургай, жараксыз техникалык жабдууларды сатып алып, көп жыл пайдаланылбай тургандан кийин кайра кымбат баада чыгаша кылынып жаткан фактылар да арбын. Мунун баары көзөмөлдүн жоктугунан болууда.

Кыскасы, ушул тапта кыргыз тараптын азырынча «Центерра Голд» компаниясына салыктар, санкциялар, айыптар боюнча койгон доосу — 3 миллиард 501 миллион доллар.

Жогорку Кеӊеш 2021-жылдын 17-февралында “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн.