«Кумтөр Голд Компани» менен «Кумтөр Оперейтинг Компани» өздөрүн банкрот деп жарыялоого даярданууда

«Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» өздөрүн банкрот деп жарыялоого камынууда. Бул тууралуу «Центерра Голд Инк» компаниясынын билдирүүсүндө айтылат.

Өздөрүн банкрот деп жарыялоо процесси АКШнын Банкроттук жөнүндө федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде жүргүзүлөт. «Центерранын» билдирүүсүндө бул маселе сотто каралып жаткан учурда «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компани» компанияларына коюлган бардык айыптоолорду кароо автоматтык түрдө токтотулары айтылат. «Центерранын» маалыматына караганда, соттук териштирүү учурунда аларга башка кендерди иштетүүгө тоскоолдук жаралбайт.