Жекшемби, 07.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казуу иштери башталып, иш-чарага Садыр Жапаров катышты

12:50 27.08.2025
0
Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казуу иштери башталып, иш-чарага Садыр Жапаров катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жер астынан алтын кенин казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарада “Кумтөрдүн келечеги алдыда, дагы 40-50 жыл өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей бермекчи” деди.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Арыбаңыздар, ардактуу мекендештер! Кумтөр алтын кени мамлекеттин менчигине кайтарылышы — Кыргызстандын жаңылануу мезгилиндеги өзгөчө маанилүү окуялардын бири болуп калды. Мындан туура 3 жыл мурун, 2022-жылы 23-августта Кумтөрдүн тагдыры Кыргызстан тарапка толук чечилип, 100 пайыз мамлекеттик ишкана деп жарыяланган. Ошол тарыхый өзгөчө датанын алдында, Кумтөрдө мына бүгүн дагы бир олуттуу окуя орун алууда. Бүгүн Кумтөрдү жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетүүдөгү ырааттуу стартегиялык иш-аракеттерибиздин орчундуу учуруна күбө болуудабыз.

Кумтөр кенинде мындан ары, алтынды жер астынан казуу иштерин расмий түрдө баштадык. Кумтөрдө жер астынан алтын казуу долбоорунун ишке берилиши — бул айлана-чөйрөнү, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган мөңгүлөрүбүздү сактап калуудагы эң маанилүү кадам. Негизи бул иш мындан 20 жыл мурун башталышы керек болчу. Бирок чет элдик компания алтынды жер астынан казгандан көрө, мурдакы бийлик жана коррупциялашкан чиновниктер менен жең ичинен сүйлөшө калып, алтын өндүрүүнү алда канча арзаныраак, жеңилирээк ыкмасын тандап алууну эп көрүп, бардык мөңгүлөрдү талкалашкан. Тилекке каршы, мурдагы чиновниктер мамлекеттин эмес, жеке чөнтөктүн кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдү садака чабышканы кара так болуп тарыхта калды. Айтылуу Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн дээрлик көп бөлүгүнөн кол жуудук. Бирок биз, “Болоору болду, боёсу канды” деп бул абалга көз жумуп коё алган жокпуз.

Кумтөр мамлекетке кайтарылган күнү дароо жер астынан алтын казуу долбоорун баштагыла деген тапшырманы койгом. Мына минтип, биздин өзүбүздүн адистерибиздин күчү менен, өзүбүздүн аракетибиз менен Кумтөрдө жер астынан алгачкы рудалар казыла баштады. Бүгүнкү күндө жер астын көздөй 1600 метрдей жер көзөлүп, тунель жасалып, курамы тоннасына 5 граммдан жогору болгон баалуу рудаларды алганы турабыз. Жер астынан алтын казуу долбоорунун иштөө мөөнөтү 17 жылга ыйлайыкталып, 147 тонна алтындын геологиялык запасы мамлекеттин балансына коюлду. Баарынан дагы жер астынан алтын казуу долбоору бош тоо тектердин ченемсиз казылышына бөгөт коёт.

Ачык карьердик ыкма менен казып алууда 1 тонна баалуу руданы алыш үчүн 60 тоннага чейин бош тоо текти казууга туура келет. Бул дүйнөлүк ченем менен алганда абдан көп. Албетте, Кумтөрдө жер асты менен бирге мурда казылып келген карьерлерден ачык ыкма менен дагы алтын өндүрүлө берет. Бирок, акырындык менен жер астынан алтын казуу долбооруна артыкчылык берилет.

Буйруса, Кумтөрдүн келечеги алдыда, дагы 40-50 жыл өлкө кызыкчылыгы үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштей бермекчи. Элдин кызыкчылыгы үчүн дегеним акыркы 3 жылда Мамлекеттик ипотекалык үйлөр карапайым элге тапшырылып жатканына күбө болуп жатасыздар. Мына ошол курулуштарга кеткен акчалардын баары ушул Кумтөрдөн түшкөн кирешелер экенин билип жүрүңүздөр. Салынып жаткан жолдор, мектеп, бала-бакчалар, эмгек акылардын, пенсия-пособиялардын көбөйүшү, аскердик жана башка заманбап техникалардын сатылып алынышы, иши кылса өлкөдө болуп жаткан жакшы иштердин баарына Кумтөрдөн түшкөн акчалар жумшалып жатат.

Кумтөрдөн баланча тонна алтын казылды, түкүнчө миллиард доллар пайда түштү десек эле “Кана ал акчалар, биз көрбөгөндон кийин ишенбейбиз” же “уурдап атасынар” деген жарандарыбыз чыгып атат. Өздөрү уурдап жеп журуп көнүшкөн да мурда. Анан элдин баарын өздөрүндөй көрүшөт. Мына ошолор уурдап жеп жүргөн акчалар акыркы 3 жылдан бери элдин пайдасына иштеп атат. Мындан ары Кумтөрдүн пайдасын эл көрүп жатканын жакшылап билип жүрүңүздөр. Кумтөрдөн киреше түшүп жатат десе мындан ары кубангыла.

Ушул иштер эң жок дегенде 15 жыл мурун башталганда Кыргызстан бүгүн таптакыр башкача Кыргызстан болмок. Бардык айылдар, район-шаарлар оңдолуп, элдин жашоо турмушу эбак эле жогорку деңгээлге чыкмак. Эми ушул сөзүм куру болбос үчүн Кумтөр элдин энчисине алынган акыркы жылдардагы ийгиликтерине токтоло кетейин. Ишкананын 2021-жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейинки жалпы кирешеси 3 миллиард 445 миллион долларды түздү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө эле 891,6 миллион доллар төлөндү. Дээрлик 1 миллиард доллар. Бул мезгил ичинде жалпысынан 54 тоннадан ашуун алтын өндүрүлдү. Мурда Кумтөрдү чет өлкөлүк компания иштеткен 28 жыл ичинде үлүштүк киреше же дивиденд түрүндө болгону бизге 100 миллион доллар беришсе, мамлекетке өткөн 3 эле жылдан бери 441 миллион доллар дивиденд алдык. Жакшылап көңүл бурсаңыздар. 28 жылда 100 миллион доллар дивиденд берген болсо, ал эми өзүбүз иштеткенден бери 3 эле жылда 441 миллион доллар дивиденд алып жатабыз. Эгер 2012-жылы эле (бизди камаган жылдар эсиңиздерде болсо керек?) бизди камагандын ордуна Кумтөрдү алып койгонубузда андан бери он милларддан ашык доллар киреше өзүбүздө калмак. Тилекке каршы ошол кездеги сатылма, кыргыз мамлекетине душмандык кылган чиновниктердин, ошол мезгилдеги кайдыгер депутаттардын кесепетинен бул каражаттан кол жууп калдык. 10 миллиард доллар деген эмне деген акча? Андан бери ушул акча өлкөбүздө калганда эмдигиче эл оозунда айтылып келе жаткандай Орто Азиянын Швейцариясына айланып калмакпыз. Кудай буюрса эми деле кеч эмес. Алдыда баары жакшы болот. Жер астынан алтын казуу долбоорунан тышкары, кен жайдагы калдыктарды, хвостохранилищаны кайра иштетип, анын алдындагы жүз тоннадан ашык алтынды ылгап алганы турабыз.

Эки иштен бир иш деп, келечекте коркунуч жаратпаш үчүн калдык сактоочу жайды дагы тазалап кетебиз. Мындан тышкары, Тоголок кенин толук Кумтөргө өткөрүп бердик. Эми Тоголок алтын кенин дагы өздөштүрүү иштерин башташты. Жангарт аянтындагы геологиялык чалгындоо жумуштуры дагы ийгиликтүү уланууда. Буйруса, Кумтөрдөгү, жалпы эле өлкөбүздүн тоо-кен тармагындагы өндүрүш жаңы нукка түштү жана элибиздин бакубат келечеги үчүн экономикалык эң чоң күч болуп берип жатат.

Мындан ары калган кен-байлыктарыбыздын баарын сөзсүз түрдө Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштетебиз. Инвесторлорго берген учурда дагы Кыргызстандын үлүшү жана кызыкчылыгы жетиштүү түрдө сакталыш керек. Мурдакыдай жеке кызыкчылык, чөнтөк кызыкчылык үчүн берип жиберген чиновниктер болсо жазасыз калбайсыңар. Эртеби-кечпи сөзсүз жоопко тартылышат. Айрыкча жаратылыш министрлиги менен геология тармагы эсиңерде болсун»,- деди өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
16:00 04.12.2025
1

Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
18:12 03.12.2025
1

БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү...

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
11:18 03.12.2025
0

Шайлоодон кийин мыйзам бузуулар боюнча БШКга 11 арыз түшүп, анын алтоо добуш сатып алууларга байланыштуу. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык...

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:43 03.12.2025
0

Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Кенжебаев...

Шайлоодо талапкерлер жана партиялар 1,5 миллиард сом сарпташкан жана аны эмнелерге коротушкан?

Шайлоодо талапкерлер жана партиялар 1,5 миллиард сом сарпташкан жана аны эмнелерге коротушкан?

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:53 02.12.2025
0

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкерлер жана партиялар 1,5 миллиард сом сарпташкан. БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу шайлоо өнөктүгүнүн каржыланышы жөнүндө маалымат...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү