«Кумтөрдү башынан баштап алганыбызда 40 миллиард доллар мамлекетке түшмөк». Депутат Марлен Маматалиев мыйзамга өзгөртүү киргизген себебин түшүндүрдү

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев “Жер казынасы жөнүндө” жана “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип жатышканын айтты.

Мыйзамга өзгөртүүнү депутаттар Улугбек Ормонов, Нурланбек Шакиев, Нуржигит Кадырбеков, Жанар Акаев, Камила Талиева, Жеңишбек Токторбаев жана Акылбек Түмөнбаев демилгелеп жатышат.

Депутат бул өзгөртүүнү мурда кабыл алган учурда кандай жагдай болмоктугун түшүндүрүп берди. «Жер-Үй алтын кенинде 100 тонна алтындын кору менен бизге жок дегенде, 1 миллиард доллардын тегерегиндеги акча каражаты бизге калмак. Кумтөрдү көрүп жатабыз. Аны эрдик кылып кайтарып алдык. Алгандан кийин ошол жерден ала турган акча 5 миллиард доллардын тегерегинде болуп жатат. Башынан баштап алганыбызда 40 миллиард доллардын тегерегиндеги акча мамлекетке түшмөк. Ошондуктан колдоп бересиздер деп ишенем», — деди ал.