«Кумтөрдү» сырттан башкарууну 91 депутат колдоп берди. Тизме

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча баяндама жасап, Кумтөргө убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады. Мындан тышкары мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 3 айга узартуу сунушталды.

Аталган токтом долбоору жана комиссиянын иштөө мөөнөтүн 3 айга узартуу сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапты. 91 депутат «макул» деген добуш беришти жана токтом долбоор Министрлер кабинетине жөнөтүлдү.