«Кумтөрдүн» эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” кенинин иши менен таанышуу учурунда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун эмгек жамааты менен баарлашты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы ишкана иштеп жатканын жана мындан ары да планга ылайык, туруктуу негизде иштей тургандыгын белгилеп, компаниянын эмгек жамаатын өлкө элинин кызыкчылыгына чын дилден жана абийирдүүлүк менен иштөөгө үндөдү. Садыр Жапаров алтын кендин ата мекендик экономикадагы өзгөчө ордуна токтолуп, убактылуу тышкы башкарууну киргизүү менен “Кумтөр” кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине чоң көңүл бурула тургандыгын баса белгиледи. Ошондой эле ал «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.