Дүйшөмбү, 20.05.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия бүгүн жыйын өткөрдү

«Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыйында комиссия башчысы Акылбек Жапаров өкмөт өкүлүнө келерки отурумда «Кумтөр» алтын кенинен түшкөн каражаттардын кайда жана кантип жумшалганы тууралуу маалымдар кылуу тапшырмасын берди. «Каражат жумшалып кеткен дедиӊер. Эми анын кандай документтердин негизинде жумшалганын аныктап бергиле», — деди Жапаров.

Ал эми жыйында депутат Каныбек Иманалиев алтын кениндеги геологиялык чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө бөлүнгөн 20 миллион доллардын кандай жумшалганын да текшерүү зарылдыгына токтолду. «Каражат каралса, толугу менен жумшалса, анан кошумча алтын табылбаса, кандайдыр бир тийиштүү чаралар көрүлүш керек да», — деди ал.

Жогорку Кеӊеш 17-февралда «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзгөн, андан кийин ал мамлекеттик комиссия болуп кайра түзүлгөн.

Окшош

Садыр Жапаров агасынын иши тууралуу: «Бир туугандарым чет өлкөлөрдөн инвестиция алып келип жатышат»

Садыр Жапаров агасынын иши тууралуу: «Бир туугандарым чет өлкөлөрдөн инвестиция алып келип жатышат»

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров «Кабарга» маек берип, социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорго жооп берген. Көп өтпөй Жогорку...

Кыргызстандан контрабанда жолу менен алтын чыгабы? Президенттин жообу

«Текшерүү секунд сайын жүрөт». Исхак Масалиевдин сөзүнөн улам Садыр Жапаров алтын темасы боюнча экинчи жолу маек берди

«Текшерүү секунд сайын жүрөт». Исхак Масалиевдин сөзүнөн улам Садыр Жапаров алтын темасы боюнча экинчи жолу маек берди

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров "Кабарга" маек берип, социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорго жооп берген....

Комментарий кошуу

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

АРХИВ

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.