Кундуз Жолдубаева: «Атамбаев болбосо Садыр Жапаров азыр президент болот беле?»

«Алмазбек Атамбаев болбосо азыр Садыр Жапаров президент болот беле?», — деп суроо салат Кундуз Жолдубаева. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси мындай суроону СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

Жолдубаеванын пикиринде Садыр Жапаровдун абакка камалып, кыйынчылык тартканы ага саясий салмак кошту. «Садыр Жапаров түрмөдө жатпаса, ошол жолду, ошол кыйынчылыктарды басып өтпөсө азыр ушул күнгө, ушул тагдырга туш келмек беле?», — дейт Жолдубаева.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.