Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы чабуулду эскерет: «Атама жаздым, кызым Дариюша сизге аманат деп»

Кой-Таш окуяларында экс-президент Алмазбек Атамбаев ИИМге багынып берген акыркы мүнөттөргө чейин жанында болгон коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ошол мүнөттөрдү минтип эскерет: «Кашкар Жунушалиев бир нече мүнөттөн кийин чабуул болот деп ылдыйкы кабатка түшүп кеткенде мен вотсаптан атама кат жаздым. «Ата, мен сиздерди жакшы көрөм. Кызым Дариюша сизге аманат» деп. Ал учурда телефондук, интернет байланыш Кой-Ташта өчүрүлгөн болчу. Кийин, байланыш калыбына келгенде окуйт деп үмүт кылдым. Кийинчерээк бизди ИИМдин кызматкерлери салып кетип, тергөө башкармалыгына келип калганда атамдан кат келди. «Амансыңбы, кызым. Дайыныңды билдирип койчу» деп. Мен тергөөгө кирип баратам. «Кийин байланышам» деп койдум. Ошол жоругума эмдигиче өзүмдү жемелеп келем. Ошол учурда мен атамдын кандай абалда экендигин, канчалык тынчсызданып жатканын, анын сезимдерин түк элес албаптырмын».

Мындай эскерүүсүн Кундуз Жолдубаева СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып айтты.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.