Кундуз Жолдубаева: «Опумбаев менен Жунушалиевдин катардагы кызматкерлерди таштай качып кетишкени генералдыкка да, эркекчиликке да жатпайт»

Кой-Таш окуялары боюнча 7 иш боюнча айыпталып жаткан, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева СуперТВ каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиевдин өлкөдөн качып кеткенин Кой-Таш окуяларына жана октябрдагы элдик толкундоолорго байланыштырды. «Октябрь окуяларында дагы катачылык кетиришти. Бийлик өз элине дагы ок атты. Көчөдөгү абал элдин жеңишине ооп баратканда Опумбаев менен Жунушалиев качып кетишти. Кол алдындагыларды түртө салып. Экөө тең генерал. Качып кетүү генералдык сапатка дагы, эркекчилик сапатка да жатпайт», — дейт Жолдубаева.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.