Abank july
SerepTV Logo

Кундузбек Сулайманов «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери болуп шайланды

Кундузбек Сулайманов «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери болуп шайланды

«Мекенчил» депутаттык тобунун лидери болуп Кундузбек Сулайманов шайланды. Мындай чечим 31-октябрда депутаттык топтун кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Бүгүн Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу топтун жетекчилигинен кеткен.

Кундузбек Сулайманов 30-октябрдагы парламент жыйынында “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан чыгып, “Мекенчил” депутаттык тобуна киргенин жарыялаган.