Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу берген маеги менен бөлүштү. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондорго анын эч кандай тиешеси жок экенин айткан.
«2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айткам”, — деди ал.











