Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews маалымат агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу берген маеги менен бөлүштү. Ал журналисттин “жолугушуу чындыгында кандай өттү, анткени анын ар башка катышуучусу ар башка маалымат берип жатат” дегенине төмөндөгүдөй жооп берди.
“Мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду. Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук, жеп-ичтик деп. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти», — деди ал.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев буга чейин жогорудагы жолугушууда эч ким менен коштошпой чыгып кетүүгө шарттаган кырдаал жаралганын билдирген болчу. «Өлкөдө биримдикти, тынчтыкты орнотуу менен Бакиевдерди Кыргызстанга кайтаруу — бул эки чоң айырмасы бар жагдайлар. Аларды айкалыштыруу такыр башка жыйынтыкка алып келет. Өтө көп кан төгүлгөн, өтө көп унутулбайт жана унутулбашы керек. Албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек», — деген ал.